Anasayfa
Bize yaz
Ara

Сайтта кимдер бар

We have 3 guests online

Добуш берүү

Хит-майдан (түрк ырчылар ) 14/5/2010
 
Хит Майдан 23.07-30.07
 

Издөө:

.

Узактарга уну жеткен Радио- массалык маалыматтардын эн маанилуусу деп айтсак аша чапкандык болбостур. Финансылык кыйынчылыктардан улам, бул массалык маалымат каражаты акыркы кезде конул ачуу каражатына, музыкалык кутучага айланып калды.

102.9 Манас радиосу'нун башкы максаты коомчулукка руханий пайда келтируу болуп саналат. Киреше табууну коздобогон Манас радиосу бай жана сапаттуу радиоберуулор аркылуу коомчулуктун ар бир катмарына жетууго аракет кылып келет.
"Моранди"
 "Дуйнөну дуңгурөткөн "Morandi" тобу чынында эле  Бишкеке  келет." – деп билдирди өлкөбуздун белгилуу продюссери,  концерттин уюштуруучусу Ислам Сатаров. Ал эле эмес, румын  жигиттеринин паспортторун жерге чаап, келээрки жумада Моквага  дал ушул иш учун учуп бара жаткандыгын айтып суйундурду. Концерт сентябрь айынын ортолоруна дайындалган. Мындай  чоң масштабдагы концертти Бишкек чынын айтканда көрө элек.  Спорт сарайынын чоң сахнасына "Morandi" тобунун жигиттери  менен бир катар кыргыз шоу бизнесинин атактуулары Мирбек  Атабеков, Кумар Асанов, бийчи Атай Омурзаков да катышат. Демек, румын жигиттердин суйөрмандары суйунө берсе болот  окшойт. Бишкек, алдыда бизди чоң шоу концерт кутуп жатат. 
 
КУНДӨЛУК!!

 Сиз суйгөн, сиз куткөн "Хит Майдан" хит парады бир айлык эс алуудан соң, мыкты денгээлде өз ишин баштады!!  

"СУПЕР ХИТ МАЙДАН" 

   Эс алуудан келген соң хит парадыбыздын мыкты ырларын сындоо учун эфирге "Супер Инфо" гезитин чакырдык.  "Супер Инфо" гезитинин өкулу, аталган гезиттин шеф-редактору Бурул Исмаилова "сын" эмне экенин, "супер инфо кантип сындаарын" мыкты денгээлде көрсөтту. Супер сындоодон кийин, Э.Андашевтин "Кайгырба" жана К. Сатаевдин "Баатырларга таазим" аттуу чыгармалары мыкты "он" деген баага татышты. Ал эми, Д. Исмадияровтун "Кара көз", Даниелдин "Көздөруң карагат" аттуу чыгармалары жөнундө гезит бетинде да, сынга алгандыгын айтып өтту. Жаны сезондун, алгачкы коногу Бурул эфирибизди кооздоп, угармандарыбызды суйунтту.  "Супер Инфодон" келген коногубуз, жалпыбызга,  чынында эле "Супер Хит Майдан" тартуулады. 

   Улуттук "Хит Майдан"  

    Кийинки апта, "Улуттук Хит Параддын" жузу аталган, белгилуу алып баруучу Нурзат Токтосунова болду. Эфирдин башынан аягына чейин, "Сынчынын сынаар отугу майрык"- деп жатып эле, хиттерибиздин баарын сындап отту. Коррупцияга жол бербейм деп, тааныш ырчыларына томонку балдарды берип жатты. Ал эле эмес, аптанын абсалюттук хит аталып эфирге байланышка чыккан НОН-СТОП тобунун солистине суроо берип, мыкты алып баруучу экенин далилдеди.  Биздин эфир, Нурзатка жарашып да, жанашып да турду. Нурзатка ыраазычылыгыбызды билдирип, хит ырлардын жаны тизмесин тузуп кала бердик.  

хит майдан

 
«Достук көпүрөсү» программасы

Алып баруучулары: Рамиз Мешедихасанлы, Хокума Товузлу
Сааты: жекшемби, 17.00
Тили: азербайжанча

Мазмуну:

1-август, 2010-жыл

Алматыдагы ЕККУ (Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун) мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлердин жолугушуусуна Түркиядан Ахмет Давутоглу катышты. Сапар учурунда ахыска-түрктөр менен жолугушуп, алардын Грузияга кайтып баруу маселеси тууралуу сөз болду.



Сүрөттө: Ортодо Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу.

Кошумча малымат: жакын арада Түркияда ахыска-түрктөрдүн бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы түзүлдү. Учурда Ахыска түрктөр дүйнөнүн 9 өлкөсүндө отурукташып калышкан. Толук маалымат алуу үчүн www.ahiskapress.com веб-сайтына кайрылсыңыз болот.

8-август, 2010-жыл

1.      «Түркэл» коомдук фонду Türk Haber Ajansı (Түрк маалымат агентствосу – www.turkiyehaberajansi.com) менен келишим түзүп, ага ылайык Рамиз Мешедихасанлы жана Хокума Товузлу THA-нын өкүлү болмокчу.

2.       Түркиянын коомунун өкүлдөрү Кыргызстандагы абал турукташуусуна тилектеш болгонун жана рин жана бир тууган кыргыз элине колдоой тургандыгын айтууда.

15-август, 2010-жыл

Азербайжандардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин президенти, Бакуда медицина университинин кафедра башчысы, профессор, офтальмолог, акын Паша Галбинур ырларын окуйт.

 
Полиомиелитке каршы иммундаштыруу боюнча Улуттук кампания

19 июлдя Кыргызстанда полиомиелит (шал) оорусуна каршы иммундаштыруу боюнча Улуттук кампаниянын биринчи этабы башталат.

Июлда жана августта жарым миллиондон ашык 5 жашка чейинки ымыркайларга акысыз эки ирет иммундаштыруу бардык медициналык мекемелерде жана убактылуу эмдөөчү жайларда жүргүзүлөт.

"Полиомиелитти алдан алуучу бирден бир ыкма - бул иммундаштыруу", дейт КР Саламаттыкты сактоо министри С.Т. Абдыкаримов.

Ооз аркылуу алынуучу поливакцина (2 тамчы берилет) коопсуз жана эффективдүү, полиомиелитке каршы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунуш кылынган вакциналардын бири.  (АА).

 

 
« StartPrev1NextEnd »

Page 1 of 1